super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Екатерина Биволго карата кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды

 

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мушкер Дмитрий Биволдун мурдагы жубайы Екатерина Биволго карата улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалым болгондой, 21-октябрда анын ар кандай улут өкүлдөрүнө карата кемсинткен сөздөрдү айткан видеосу тараган. Анда ал өзүнүн таанымалдуулугун жана медиадагы таасирин пайдаланып, кыргыз элине карата орой жана кемсинткен сөздөрдү айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козгоо) боюнча кылмыш иши козголду.

"25-октябрда 1990-жылы туулган Екатерина Игоревна Биволго жогорудагы берене боюнча сырттан айып коюлган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан айыпталуучуга карата ЖАМКтын №21 мекемесинде кармоо менен сырттан камакка алуу түрүндөгү чарасы тандалып, ал издөөдө деп жарыяланган", - деп билдиришти мекемеден.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин ИИМ Екатерина Биволдун видеосу боюнча алдын ала иликтөө иштерин баштаганын билдирген. Көп өтпөй Екатерина Бивол Кыргызстандын укук коргоо органдары ага байланышпаганын айтып чыккан.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: