super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Бишкекте эл аралык профессионалдык бокс турнири өтүп жатат

 

Бишкекте «Saikou X Lush Boxing Promotions» компаниясы уюштурган экинчи эл аралык профессионалдык бокс турнири өтүп жатат.

Мелдеште беш титулдук беттеш өтүп, анын ичинде WBA Asia, WBA жана IBF версияларынын курлары ойнотулат. Бул дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана атактуу мушкерлер күч сынашып жүргөн титулдар.

Кыргызстандын атынан рингге 10 кыргыз мушкери чыгат. Алардын катарында WBA Asia куру үчүн ат салыша турган Дилмурад Сатыбалдиев жана «Самат Кыргыз» каймана аты менен белгилүү болгон Самат Абдрахманов бар. Ошондой эле Абдыжапар уулу Сыргак, Нуржигит Дүйшөбаев, Жеңиш Улпатов, Аскат Култаев, Арген Кадырбеков, Адилет Качкынбеков, Нурсултан Тулекулов жана Бектенов Рыспек да өлкөнүн намысын коргоо үчүн рингге чыгышат.

Мелдештин жүрүшүндө 16 беттеш өтөт. Арасында Олимпиаданын эки жолку чемпиону өзбекстандык Хасанбой Дусматов, Олимп оюндарынын коло медалынын ээси, бокс боюнча дүйнө чемпиону Сакен Бибосынов жана жапониялык бир катар мушкерлер бар.

25-октябрда башталган мелдеш 26-октябрда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: