Өкмөт башчы Ысык-Көлдө таштандыны жок кылуучу заводдун курулушуна капсула салды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, Касымалиев өлкөдө экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгилеп, бул багытта Кытайдын "Хунань Цзюньсинь Хуаньбао" компаниясы Кыргызстандагы өнөктөштөр менен биргеликте үч ири долбоорду, тагыраагы, Бишкек, Ош жана Ысык-Көл долбоорлорун ишке ашырып жатканын билдирген.
"Ысык-Көл облусундагы долбоор боюнча баштапкы этапта Ак-Суу району жана Балыкчы шаарында күнүнө 600 тонна таштанды иштете турган технологиялык электр станциялары курулат. Кийинки этаптарда Министрлер кабинетинин чечимине, облустагы жана коңшу аймактардагы таштандылардын көлөмүнө жараша, инвестор тарабынан кошумча иштетүү линиялары курулат. Бул этаптагы долбоордун жалпы инвестиция көлөмү болжол менен жалпы 140 миллион долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















