super.kg logo
  Саясат  

2013-жылы Жол-кайгуул кызматы 16 миллион 687 миң сом айып пул чогултту

 

КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы соттордогу мас абалында айдоо боюнча материалдарды изилдеп чыкты. Бул тууралуу 17-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, 2013-жылы ИИМдин Жол-кайгуул кызматынан сот органдарына 17 036 мас абалда айдоо  боюнча административдик иштер тапшырылды. Алардын ичинен:

– айдоочу күбөлүктү алып салуу  – 3401 (19,8 пайыз);

– айып салуу – 10305 (60,5 пайыз);

– ЖККга кайтаруу – 42 (0,2 пайыз);

– ишти токтотуу – 89 (0,5 пайыз);

– көзөмөлдөөдө – 3064 (18 пайыз);

– административдик абакка алуу – 135 (0,8%).

2013-жылы  жалпысынан 16 миллион 687 миң сом айып пул чогултулду. 

КРнын Административдик кодексинин 238-беренесине таянсак, мас абалда айдоо үчүн 1,5 миң сом айып салынат же 1-3 жылга айдоочу күбөлүк алынат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: