Таиланд менен Камбоджанын лидерлери чыр-чатактарды чечүү боюнча декларацияга кол коюшту
Таиланд менен Камбоджанын лидерлери чыр-чатакты чечүүгө багытталган мамилелер боюнча декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу "РИА Новости" жазды.
Кол коюу Малайзияда өткөн Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын саммитинин алкагында болгон. Саммитке атайын барган АКШнын президенти Дональд Трамп кол коюуга байкоо жүргүзгөн. Июль айында Трамп менен бирге чек арадагы Таиланд менен Камбоджанын аскерлеринин ортосунда ок атышууну токтотууга көмөктөшкөн Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим да кол коюуга катышкан.
Белгилей кетсек, Таиланд менен Камбоджанын ортосундагы чек ара жаңжалы 24-июлдан 29-июлга чейин оор курал-жарактар, артиллерия жана учактар катышкан катуу салгылашууга айланып, Таиланд да, Камбоджа да мүчө болгон Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясына төрагалык кыла турган АКШ, Кытай жана Малайзиянын ортомчулугу менен ок атышууну токтотуу менен аяктаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















