Стамбулда Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы сүйлөшүүлөр дагы эки күнгө уланат
Түркиянын Стамбул шаарында тынчтык келишимин түзүү жана аймакта туруктуулукту чыңдоо боюнча жалпы стратегияны иштеп чыгуу үчүн башталган Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы дагы эки күнгө уланат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ишемби күнү Ооганстан менен Пакистандын делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөр кечинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 чамасында аяктаган. Сүйлөшүүлөр дагы эки күнгө созулат деп күтүлүп жатканы айтылууда.
Белгилей кетсек, Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы кырдаал 9-октябрда Кабулга жасалган соккулар себеп болгон. Ооган өкмөтү жардыруулар үчүн Пакистанды айыптаган. 11-октябрда Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы Пактия провинциясында кагылышуу болгон. Эки тараптан тең ондогон адамдар каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















