Лувр музейинин күзөтчүсү уурулар менен иштешкени айтылууда
Франциядагы Лувр музейинин күзөтчүсү уурулар менен жашыруун бүтүмгө барганын The Telegraph жазып чыкты.
Басылманын тергөө иштерине жакын булактары музейдин күзөтчүлөрүнүн бири уурулукка чейин кылмышкерлер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айтышкан. Ал Лувр музейинин коопсуздук системасы тууралуу жашыруун маалыматты ууруларга берген деп болжолдонууда.
Уурулук кылгандар азырынча табыла элек. Бирок тергөөчүлөр буга чейин эле далилдерди, анын ичинде видеобайкоо тасмаларын жана кат алышууларды табышкан.
Эскерте кетсек, 19-октябрда бир топ уурулар Лувр музейине кирип, зер буюмдарды уурдап кетишкен. Уурдоодон келтирилген жалпы чыгым 88 миллион еврого бааланууда. Бул иштин бетин ачууга 100дөн ашык тергөөчү катышып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















