Оштун мэри кичинекей кыздын суранычы менен жолго асфальт бастырып, велосипед белек кылды (видео)
Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарынын Анар кичи районундагы 6 көп кабаттуу үйдүн ички жолдоруна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Шаар башчысы Жеңишбек Токторбаев бул Калбү аттуу кичинекей кыздын суранычы менен ишке ашырылганын айтты.
"Мэр агай, ушу биздин үйдүн короосунун алдын асфальт кылып бериңиз" деп суранган болчу. Сага белек кылып, балдар ойноочу аянтчасын да жасаттым. Ошондой эле менин атымдан дагы сага белек болсун", - деген мэр Калбүгө велосипед жана жон баштык тапшырды.
Токторбаев ошондой эле кызды ата-энеси менен келүүгө чакырып, ноутбук берүүнү убадалады.
Оштун мэри кичинекей кыздын суранычы менен асфальт бастырып, өзүнө велосипед белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















