Пакистан Ооганстан менен ачык согушту баштоого даяр экенин жарыялады
Эгерде тараптар Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдө макулдашууга жетише алышпаса, анда Пакистан Ооганстан менен ачык согушту баштоого даяр. Бул тууралуу Пакистандын коргоо министри Хаважа Асиф билдирди.
Ал Исламабад дагы эле чыр-чатакты тынчтык жолу менен чечүүнү күтөрүн жана Кабул тарабынан да ушундай эле каалоону көрүп жатканын айткан.
"Бизде тандоо бар. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, биз алар менен ачык согушка киришебиз. Бирок мен алардын тынчтыкты каалап жатканын көрүп турам", - деп келтирет анын сөздөрүн чет элдик басылмалар.
Айта кетсек, эки өлкөнүн ортосундагы Стамбулдагы сүйлөшүүлөр 25-октябрда башталган.
Пакистан менен Ооганстандын ортосундагы согуштук кырдаалга 9-октябрда Кабулга жасалган соккулар себеп болгон. Ооган өкмөтү жардыруулар үчүн Пакистанды айыптаган. 11-октябрда Ооганстан менен Пакистан чек арасындагы Пактия провинциясында кагылышуу болгон. Эки тараптан тең ондогон адамдар каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















