Уйдун кыгын ыргытышып... Индияда Горехабба фестивалы өттү (видео)
Интернет желесинде америкалык YouTube колдонуучусунун Индиянын Гуматапура айылында өткөн салттуу Горехабба фестивалына катышкан видеосу тарап жатат. Анда жергиликтүү тургундар уйдун кыгын бири-бирине ыргытып жатышканын көрүүгө болот.
Чет элдик басылмалардын жазгандарына караганда, Индиянын түштүгүндөгү кооз Карнатака штатында дүйнө жүзүндөгү саякатчылардын жана этнографтардын көңүлүн бурган адаттан тыш фестиваль өткөн. Горехабба фестивалында жергиликтүү тургундар бир кылымдан ашык убакыттан бери келе жаткан байыркы ишенимдерге жана каада-салттарга урмат көрсөтүүнүн белгиси катары бири-бирине уйдун кыгын ыргытышат.
Горехабба фестивалынын тамыры жергиликтүү маданиятка терең сиңген диний ишенимдерге барып такалат. Ал Карнатака штатында жайгашкан Гуматапура айылында өткөрүлөт. Бул салт 20-кылымдын башында Бирешвара Свами кудайына болгон урмат катары пайда болгон. Жергиликтүүлөр ага ийгилик жана гүлдөп-өнүгүү тартуулаган кудай катары сыйынышат.
Жергиликтүү уламыштарга ылайык, Бирешвара Свами уйдун кыгынан жаралган. Андыктан аны эскерүү үчүн тургундар жана коноктор жыл сайын Гуматапура айылында бул уникалдуу майрамга катышуу үчүн чогулушат.
Фестивалга даярдыктар бир нече жума мурун башталат. Бул аралыкта жергиликтүү тургундар уйдун кыгын чогултушат.
Уйдун кыгын ыргытышып... Индияда Горехабба фестивалы өттү
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















