Кызыл-Кыяда шаар күнү белгиленди
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 127-жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Алтынбек Сейитказиев, шаардын мэри Алтынбек Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы, ошондой эле шаардын мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышып, куттуктоолорун билдиришти.
Иш-чаранын алкагында шаарда эки аллея, Асаналиев көчөсүндөгү тротуар пайдаланууга берилди. Бул объекттер шаар инфраструктурасын жакшыртып, тургундар менен конокторго ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Мындан тышкары, шаарды өнүктүрүүгө салым кошкон жетекчилер, жеке ишкерлерге сыйлыктар тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















