Камчыбек Ташиев европалык футбол функционери менен жолукту
Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев сербиялык футбол функционери жана "Upsher management company" жана "RLM Advasory" компанияларынын өкүлү Зоран Терзич менен жолукту. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Маалымдалгандай, аталган компаниялардын ишмердүүлүгү футбол клубдарына жана академияларына инвестицияларды тартууга багытталган. Учурда компания Испания, АКШ, Англия жана Словакиядагы бир нече футбол клубдарынын негизги үлүшүнө ээ.
"Учурда Зоран Терзич Кыргызстандагы футболду өнүктүрүүгө инвестиция жасоо мүмкүнчүлүктөрүн талдап, изилдеп жатат. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн мүмкүн болгон багыттарын аныктап, долбоорлорду ишке ашыруу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















