Муниципалдык инспекциянын башчысын сабагандар камалышты
Царикаев фамилиясы менен таанымал Бишкек шаарынын Муниципалдык инспекциясынын жетекчиси Мирлан Таалайбековду сабап кеткендер СИЗО-1ге камакка алынышты.
Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, кол салгандардын үчөө 2 айга, бирөө 2 аптага камакка киргизилди. Тергөө уланууда.
Эскерте кетсек, 25-октябрда саат 01:30 чамасында Тойота үлгүсүндөгү унаа Алыкулов жана Өмүр көчөлөрүнүн кесилишинде Таалайбековдун унаасын сүзгөн. Окуя болгон жердеги пикир келишпестикте инспекциянын жетекчиси сабалып, мас абалындагы 4 шектүү кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















