ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 27-октябрдан 2-ноябрга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Кой жылдызындагылар үчүн апта күчтүү, позитивдүү окуяларга, романтикага жана сюрприздерге бай болот дешет жылдыздар. Өзүңүздү эркелетип каалаган нерсеңизди сатып алыңыз, маанайыңызды көтөрө турган нерселерди жасаңыз. Болбосо өзүңүзгө болгон сүйүү сезими бат өтүп кетет. Маанайыңыз өзгөрмөлүү болот, бир туруп тоону томкорсом деген күчкө ээ болосуз, бир туруп эч нерсе жасагыңыз келбей жалкоолук менен “дос” болосуз. Иште кесиптештердин жардамына таяныңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Алдыдагы күндөр сизден сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылат. Бир караганда оор мезгил келгендей сезилиши мүмкүн. Бирок ар бир кадамыңызды тартип менен жасасаңыз, тескерисинче, ишиңиз чоң жемишин берет. Негизгиси маселенин баарын бир чечкенге аракет кылбай, бирден майдалап чечсеңиз өзүңүзгө күч келтирбейсиз. Акча жаатында майда конфликттер орун алышы мүмкүн. Дем алыш күндөрү баарын жыйыштырып тынч эс алганга аракет кылыңыз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Окууңузда болобу же жумуштабы, бир өзгөрүү орун алышы күтүлөт. Башында ал өзгөрүүлөргө көнбөй кыжалат болушуңуз мүмкүн. Бирок убакыттын өтүшү менен жаңычылдык өзүңүзгө жага баштайт. Бойдокрдтоо жаңы таанышуулар орун алышы мүмкүн, кайдан десеңиз, интернет желесинен. Ачкыч, телефон же башка керектүү буюмдарыңызды бир жакка унутуп кетишиңиз мүмкүн, сак болуңуз. Аптанын аягын үй-бүлөңүз менен өткөрүү сунушталат, жакындарыңыз менен эс алуу планын түзүңүз.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Башка жылдыз белгилерине караганда бөйөндөрдө өздүк балансты өстүрүүгө, толуктоого көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болот. Окуңуз, саякаттаңыз, жаңы бир нерсе үйрөнүңүз, айтор, өзүңүздү өстүрө турган нерселер менен алек болуңуз. Жумушта жаңы милдет жүктөлсө, коркпой кабыл алыңыз. Потенциалыңыздын кенендигин далилдей аласыз. Чогулткан акчаңызды короткуңуз келип, үйгө техника же башка буюм сатуу каалоосу күч болот. Үйгө туугандарыңыз конокко келүүсү мүмкүн.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Аптанын биринчи жарымында достор менен биргеликте ойлонулган пландарыңыз ишке ашып кубанасыз. Жумушта пайдалуу сунуш алышыңыз мүмкүн. Аптанын ортосунда өз күчүңүзгө ишенбөөчүлүк жаралышы ыктымал. Үйдөгү маселени жумушка же жумуштагы көйгөйдү үйгө ташыбай, ортодогу чек араны бөлгөнгө аракет кылыңыз. Романтика жаатында жаңы тааныш эмес, көптөн бери айланаңызда жүргөн адамдын сизге карата сезимдери ачыкталышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Иштериңиз өзүңүз каалаган жана аракет кылган ыргакта алдыга жылат. Бул күндөрү жашооңузду өзгөртө турган курч окуялар күтүлбөйт. Күмөндүү ойлорду жараткан окуяларда ички туюмуңузга таянып иш кылганыңыз туура. Эмоционалдык колдоого муктаж болушуңуз мүмкүн, бул учурда жакын достор жардамга келет. Башыңызга келген идеяларды унутуп калбаш үчүн бир жерге жазып коюңуз, келечекте пайдасы тиет. Апта соңу туугандардын иши менен сапарга чыгышыңыз күтүлөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Аптада тараза жылдызындагылар көпчүлүктүн көңүл борборунда болот. Дос, өнөктөш, тааныш, кесиптештер менен бирге көп убакыт өткөрөсүз, алардын жакшылыктарына чакыруу алышыңыз да мүмкүн. Кимдир бирөө сизге купуя сыры менен бөлүшөт, эч кимге ал сырды айтпаңыз, антпесе ишенимден чыгып каласыз. Алыска сапарга чыгам деп турсаңыз, бир аз убакытка артка жылдыра туруңуз. Финансылык жаатта туруктуулук сакталат, башкысы, көбөйтүп алам деп насыя алгандан алыс болуңуз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Тагдыр сизге көп эле мүмкүнчүлүк берет, кармап, колдонуп калганга аракет кылыңыз. Маселеден кача бергенде сиз үчүн башка бирөө аны чечип бербейт, андыктан оор болсо да чечкенге аракет кылыңыз. Жеңилдеп каласыз. Кызматыңыздан көтөрүлүү же башка жумушка которулуу күтүлөт. Кайрымдуулук иштерин жасаңыз, жакшылыгыңыз эселеп кайтып келет. Аптанын аягында тынч отуруп эс алууга мүмкүнчүлүк да, убакыт да болбойт, тескерисинче, жасала турган жумуштар көбөйөт.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жаачылар бул аптада конок тосуусу же конокко баруусу мүмкүн. Жагымдуу адамдардын курчоосунда пайдалуу маектер орун алат. Кимдир бирөө сизге бирге сапарга чыгуу сунушун айтат, ойлонбой макул болуңуз, позитивдүү эмоциялар менен келесиз. Кичинекей маселени көбүртүп, чоң кылып көрүп алышыңыз мүмкүн, сабырдуу болуңуз. Сизге карата айтылган сындарды кулак сыртынан кетирсеңиз, нервиңизди сактап каласыз. Пландалбаган нерсе сатып алуудан качыңыз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Көптөгөн максат, пландалган иштерди бир аз токтотуп, эс алганга аракет кылыңыз. Бүтпөгөн иш болбойт дегендей, андан көрө өзүңүзгө, ден соолугуңузга, жакындарыңызга көңүл буруңуз. Эмоционалдык, физикалык жактан эс алып, чыңалууларды жазганга аракет кылыңыз. Документ иштеринде так жана сак болуңуз. Жоопкерчиликтин баарын моюнга иле бербей, жардамчылар менен бөлүшкөнгө аракет кылсаңыз, жумушуңуз жакшы жүрүшөт. Капчыгыңызга ири суммадагы акча түшүүсү күтүлөт.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Кайрымдуулук иштерин жасаганга аракет кылыңыз. Бул күндөрү эс алууга убакыт таппайсыз, жумуш, жолугушуулар жана башка иштер убактыңызды, энергияңызды алат. Бирок бул иштердин аркасы менен финансылык абалыңыз бир топ жакшырмакчы. Жеке жашоодо пайда болгон адам оюн ачык билдирбей кыжалат кылышы мүмкүн. Ден соолук жаатында дем алуу гимнастикасы же йога менен машыгуу сунушталат. Айланадагы адамдарга көз сала жүрүңүз, баары эле сиз ойлогондой болбошу мүмкүн.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Алдыдагы мезгил жумушта беделиңизди чыңдоого, карьераңызды көтөрүүгө же жумушка байланыштуу кандайдыр бир маселелерди чечүүгө ыңгайлуу. Атүгүл каржылык маселелер жакшы жылып кетет же сиздин пайдаңызга чечилет. Туугандардын же достордун жардамына кайрылышыңыз мүмкүн. Ден соолугуңузга көңүл буруңуз, иммунитетти бекемдеңиз, суук тийип тумоолоп калышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрүн үйдө эмес, башка жакка чыгып өткөрүү сунушталат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















