super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

БШК шайлоого катышуудан баш тарткан 4 талапкердин арызын канааттандырды

 

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн 4 жарандын баш тартуу арыздары каралды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоого катышуудан баш тартууга арыз бергендер:

№23 шайлоо округу боюнча талапкер Кыштообаев Кайрат Дарканбаевич, БШКга арызын 24-октябрда берген;

№10 шайлоо округу боюнча талапкер Заирбек уулу Нурболот, арызын 25-октябрда берген;

№26 шайлоо округу боюнча талапкер Жансеитов Тынайбек Каныбекович, БШКга 25-октябрда кайрылган;

№19 шайлоо округу боюнча талапкер Осмоналиев Кайрат Медербекович, комиссияга 26-октябрда арызын берген.

БШК Жансеитовдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Солтобаевдин, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Тынычбек уулунун каттоолорун жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: