super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Санкт-Петербургда "Зениттин" футболчусун уурдап кете жаздашты

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Зенит" футбол клубунун оюнчусу Андрей Мостовойду уурдоого аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу РИА Новости өздүк булактарына таянып билдирди.

Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк Петербург полициясы ишкерди жана белгилүү футболчуну уурдоого аракет кылган шектүүлөр кармалганын билдирди.

Окуя учурунда бир нече адам Мостовойду колунан кармап, унаага сүйрөп киргизүүгө аракет кылышкан, бирок спортчу күбөлөрдүн жардамы менен качып кеткенге жетишкен.

Бир нече күндөн кийин ошол эле жерде кылмышкерлер Мамдуманын депутатынын күйөө баласын уурдап кетишкен. Ал үчүн 2,5 миллион рубль алышып, андан соң ал бошотулган.

Бул факт боюнча уурулук жана тоноп кетүү беренелери боюнча кылмыш иштери козголду, бардык шектүүлөр кармалышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: