Баткен шаарында 300 орундуу жаңы кинотеатр ачылды (видео)
Баткен шаарында 1970-жылы курулган “Баткен” кинотеатры толук реконструкциядан өткөрүлүп, кайрадан пайдаланууга берилди. Бул тууралуу видео соцтармакка жарыяланды.
“Баткен” кинотеатры 1970-жылдары курулган. Бул долбоордун үстүндө ири профессионалдар тобу - куруучулар жана дизайнерлер иштешти. Курулуш иштери 4 айга созулду. Ушул убакыт ичинде команда кинотеатрды түп-тамырынан өзгөртүп, шаарга заманбап маданий жай тартуулай алды. Учурда аталган кинотеатр 300 адамга ылайыкташтырылган”,- деди кинотеатрдын жетекчиси Акбарбек Бараков.
Эскерте кетсек, “Баткен” кинотеатрында учурда 5 зал бар. Реконструкцияга жалпысынан 30 миллион сом жумшалган. Бул долбоор Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду жана Финансылык-кредиттик фонддун колдоосу менен ишке ашырылган.
Баткен шаарында 300 орундуу жаңы кинотеатр ачылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















