БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 талапкерди каттады
Бүгүн, 27-октябрда көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 14 талапкер каттоого алынды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.
Алар:
Узакбаев Улукбек Камчыбекович - № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Мураталиев Марат Молдонович - № 16 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Сулайманов Кундузбек Кошалиевич - № 14 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Бердибеков Бекмурза Абдулазизович - № 3 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Акаев Жанарбек Кубанычович - № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Бообеков Бахтияр Таласович - № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Нышанов Жайлообай Данибаевич - № 15 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Күрүчбеков Аскарбек Бактыбекович - № 29 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Энназаров Санжарбек Арзыкулович - № 12 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Кадырбек кызы Нуркыз - № 10 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Калбердиева Мавлюда Калмаматовна - № 11 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Раимбачаева Винера Калыбековна - № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Досалиев Элмир Акуналыевич - № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер;
Дуулатова Сайрагүл Садыковна - № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер.
"Аталган талапкерлердин шайлоо документтери, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган жана аларды каттоо сунушталган. Катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү ырастама берилет", - деп белгиленген маалыматта.
Буга чейин БШК 80 депутатты расмий каттап, 400дөн ашуун талапкер өз арызын берди.
Белгилей кетсек, кезексиз парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин арыздары 30-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















