Манасчы Дөөлөт Сыдыков 7 саат бою токтобой манас айтты (видео)
25-октябрда Манас шаарынын "Азаттык" аянтында белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков "Айкөл Манас - өчпөс ысым кылымдарга!" аттуу иш-чарасынын алкагында 7 саат бою токтобой манас айтты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чарада манасчы келген конокторду, көрүүчүлөрдү таң калтырган.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов жана шаар тургундары катышты.
"Манас эпосу - бул биздин тарыхыбыздын терең тамыры. Ал биздин улутубуздун биримдигин, кайраттуулугун чагылдырган эпос. Бул эпос бизге өткөндүн сабактарын берсе, келечекке болгон жолду дагы ачып берет",‐ деп баса белгиледи мэр.
Ошондой эле Манас айтуу өнөрү бул жөн гана чыгармачылык эмес, бул руханий кызмат, элге болгон таза сүйүүнүн, мекенчилдиктин жандуу мисалы экендигин кошумчалап, бул өнөрдү аркалап келе жаткан Дөөлөт Сыдыковго терең ыраазычылык билдирди.
Эске салсак, 2020-жылдын 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган. Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан, жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.
Андан кийин манасчы Ош шаарында 3 күн манас айткан. Ал эми 31-августта Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн манас айтуусун баштап, 111 саат улуу баян айтылган.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков 7 саат бою токтобой “Манас” айтты
Дөөлөт Сыдыков 7 саат бою токтобой “Манас” айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















