Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы Кара-Көл ГЭСин ачты
Бүгүн, 27-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абадда Кара-Көл ГЭСинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Мамлекет башчы Кара-Көл шаарынын тургундарына кайрылып, аталган ГЭС мөөнөтүнөн эрте бүткөнүн белгиледи.
"Эсиңиздерде болсо, 2023-жылы Энергетика министрлигибиз инвестициялык макулдашууну сунуштап, аны министрлер кабинети жактырып, бекитип берген эле. Анын алкагында ошол эле жылдын сентябрь айында аталган ГЭСтин курулушу башталган. Бүгүн биз кыска убакыттын ичинде бул ГЭСтин ийгиликтүү аяктагандыгына күбө болуп турабыз. Макулдашууга ылайык, Кара-Көл ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүтүрүлүп, бизди кубантып жатышат.
Албетте, бул – биздин адистердин, куруучулардын жана демилгечи тараптардын кесипкөйлүгүнүн, ынтымактуу аракетинин үзүрү экенин баса белгилейм. Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы маанилүү жетишкендик десем болот. Бул дагы биз үчүн чоң сыймык. Мындан улам долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошкон бардык адистерге, куруучуларга, инженерлерге ыраазычылык билдирем",- деди Жапаров.
Андан ары өлкө башчы сөзүн мындай улаган: "Долбоор, жогоруда белгиленгендей, толугу менен ата мекендик инвестор “Жагалмай” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылды. Макулдашууга ылайык, бул ГЭСти 15 жыл иштетип, андан соң мамлекеттин менчигине, башкача айтканда, 100 пайыз мамлекетке өткөрүп берет. Мамлекеттик саясат ушундай. Бул мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы ишенимдүү өнөктөштүктүн айкын үлгүсү.
Кыргызстанда энергетика бул артыкчылык берилген келечектүү тармак болуп эсептелет. Биздин адистер тажрыйба топтоп курган ар бир чакан ГЭС менен өлкөбүздүн кубаттуулугун барган сайын арттырууда. Учурдан пайдаланып, бүгүн бардык ата мекендик ишкерлерге жана инвесторлорго кайрылып кетейин. Мамлекет ар бир инвесторго ишенимдүү өнөктөш болуп, жоопкерчиликтүү колдоо көрсөтүүгө даяр".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















