Президент 2,5 жылдан кийин өлкө кышкысын электр энергиясын сатып албай турганын айтты
2,5 жылдан кийин Кыргызстан кышкысын электр энергиясын импорттобой калат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абаддагы Кара-Көл ГЭСинин ачылышында билдирди.
Жапаровдун айтымында, бул убакта өлкө электр энергиясы менен өзүн камсыз кылып калат.
"Азыр ушул тапта кышкысын дагы деле импорт алып жатабыз. Көптөгөн чакан жана орто ГЭСтер салынып ишке берилип жатканы менен завод-фабрикалар, ипотекалык үйлөр, мектеп, бала-бакчалар жана башка көптөгөн обьекттер салынып, алар да көп кубаттагы электр энергиясын колдонгонуна байланыштуу электр энергиясынын дефицитин кууп жете албай жатабыз.
Жогоруда айтып өткөнүмдөй, Кудай буюрса 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу. Акыркы жылдары жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыбызды жакшы билесиздер. Бул багытта инвесторлор үчүн бардык шарттар, тагыраагы, туруктуу саясат, ачык-айкын жана адилеттүү чөйрө, өз ара ишенимге негизделген мамиле жолго коюлган. Буга айкын мисал катары бүгүн ачылып жаткан Кара-Көл ГЭСин алсак болот",- деди мамлекет башчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















