Аргентинадагы парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жеңишке жетти
Аргентинанын президенти Хавьер Майлинин либертариандык партиясы La Libertad Avanza (Эркиндик алдыга жылат) өлкөнүн парламентине орто мөөнөттүү шайлоодо жеңишке жетти. Бул туралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Добуштардын дээрлик 99 пайызы саналып бүткөндөн кийин Майлинин партиясы добуштардын 40,7 пайызын алды. Ал эми негизги оппозициялык күч делген Fuerza Patria 31,67 пайыз добуш алган. Шайлоого катышуу 68 пайызды түзгөн.
Эксперттер бийликтин партиясы парламенттик көпчүлүктү камсыз кылбаса да, экономикалык кризис жана коррупциялык чуулгандуу окуялардын шартында күтүлбөгөн жетишкендик болду деп жатышат.
Майли добуш берүүнүн жыйынтыгын бурулуш учур деп атап, улуу Аргентинаны курууну баштоого убада берди. Ал АКШнын президенти Дональд Трампка убада кылынган 40 миллиард долларлык каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, муну дүйнө тарыхында болуп көрбөгөндөй деп атаган. Трамп өзүнүн өнөктөшүн чоң жеңиши менен куттуктады.
Аргентинадагы парламенттик шайлоодо президенттин партиясы жеңишке жетти
0

Супер-Инфо
super.kg видео















