super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Instagram Reels видеолор үчүн "издөө тарыхы" функциясын ишке киргизди

 

Instagram колдонуучуларга мурда көргөн, бирок сактабаган Reels видеолорун оңой табууга мүмкүндүк берген жаңы функцияны - "Издөө тарыхын" ишке киргизди. Бул тууралуу компаниянын башчысы Адам Моссери Threads платформасындагы баракчасында бул функция эми бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү экенин жарыялады.

Маалыматка ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк аркылуу колдонмо көрүлгөн бардык Reels видеолордун тизмесин сактайт. Ага жетүү үчүн профилдин "Сиздин аракеттериңиз" бөлүмүнөн "Издөө тарыхы" пункту тандалат. Колдонуучулар видеолорду дата, аккаунт же жаңылык боюнча иргей алышат.

Мета компаниясы буга чейин видеолор агым жаңырганда жоголуп кетүү көйгөйүн чечүүгө убада берген. "Издөө тарыхы" функциясы дал ушул маселени жоюп, Reels көрүү тажрыйбасын жакшыртууну максат кылгандыгы кошумчаланган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: