super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Электр тармагындагы абал: Кыргызстанды кышкы үзгүлтүк күтүп жатабы?

 

Быйыл кышында өлкөдө электр жарыгы өчүрүлүп турары айтылууда. Бул арада борбор калаанын четиндеги жана аймактардагы жашоочулар электр жарыгы эмитен эле маал-маалы менен өчүрүлүп жатканын билдиришүүдө.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кабарга" интервью берип жатып, быйылкы кыш өлкө үчүн эң оор болорун билдирген.

"Себеби мурдагы жылдарга караганда суунун көлөмүнүн аздыгы 1,6 миллиард кубду түзөт. Былтыр 12,4 миллиард суу топтолгондо эле аз деп айтканбыз. Быйыл андан дагы 1,6 миллард куб метрге аз. Бул деген ошол өлчөмдө электр энергиясы аз иштелип чыгат дегенди билдирет. Жаратылыш эч нерсе кыла албайт экен, былтыр 107 пайыз жаан жааса, быйыл 92 пайыз жаан жаады. Бул коңшу өлкөлөрдө да байкалууда",- деген министр.

Кыргызстан 2028-жылы энергетикалык кризистен чыга турганын айтат министр. Министрдин айтымында, учурда өлкөдө өндүрүш өсүп, электр энергиясын керектөө 18 миллиард киловатт-саатка жеткен. Анын 3-4 миллиард киловатт-сааты сырттан импорттолот.

Бүгүн, 27-октябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров Кара-Көл мини ГЭСинин ачылышында өлкө энергетикалык кризистен 2,5 жылда чыга турганын айтты. Жапаровдун айтымында, аталган убакта өлкө кышкысын электр энергиясын импорттобой , өзү өндүргөн электр энергиясы менен өзүн камсыз кылып калат.

Президент бирок быйыл кышында жарык өчүрүлүп турарын кыйытты.

"Кудай буюрса 2,5 жылда кышкы дефицитти жоёбуз. Ошондуктан кышкысын свет өчүп жатат деп нааразы болбой 30 жыл чыдаган жаныбыз 2,5 жыл чыдап коёлу",- деди Садыр Жапаров.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарынга иш сапары менен барганда кышында электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратпаш керек деген пикирин билдирген.

Айтымында, буга чейин өлкөдө энергетика тармагы оор абалда калган, акыркы 3-4 жыл аралыгында бул маселе боюнча алгылыктуу жумуштар жүргүзүлүп, бул тармак жакшыра баштады.

"Кыш келе жатат. Андан тышкары, быйыл суу аз. Ошого карабастан мамлекетте, эч жерде электр жарыгы өчпөшү керек. Элдин жашоосуна оорчулук келбеши зарыл. Бул энергетиктерге тапшырма",- деди Ташиев.

Былтыр кышында өлкөдө электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүп турган. Бул көйгөй парламентте да көтөрүлүп, бир катар депутаттар өкмөткө жок дегенде жарандарды электр энергиясын өчүрүү графиги менен кабардар кылып туруу талабын коюшкан.

Быйыл май айында электр энергиясына баа кымбаттады. Ага ылайык, электр энергиясынын баасы 700 киловатт-саатка чейин 1 сом 37 тыйын (эски тариф 1 сом 11 тыйын), ал эми 700 киловатт-сааттан жогору 2 сом 60 тыйынды (эски тариф 2 сом 39 тыйын) түздү.

24-июлда өлкөдө электр энергиясын суткалык керектөө 44 миллион 124 миң киловатт-саатка жетип, тарыхта жай мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүчтү көрсөттү.

Бийлик өлкөдө электр энергиясын колдонуунун өсүшүн экономиканын жогорулашы, тагыраагы, завод, фабрикалардын курулушу жана турак жайлардын көп салынышы менен түшүндүрүп келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: