super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“ТҮГӨЙҮМ БАР, БИРОК ЖАЛГЫЗМЫН...” Мамиледеги жалгыздык сезими

 

Америкалык жазуучу Амелия Эрхарттын “жалгыз болуу коркунучтуу, бирок мамиледе болуп туруп жалгыздыкты сезүү андан да коркунучтуу” деген сөзү бар. Тилекке каршы, мындай учурлар кезигет. Адамдын түгөйү, өмүрлүк жары бар, бирок анын бардыгы, жакындыгы, сүйүүсү, колдоосу, түшүнүүсү сезилбей калат. Мындай учурда “эмоционалдык жалгыздык” сезими жаралат. Эмне себептен? Бул сезимден кантип арылуу керек?

Эмоционалдык өзгөчөлүк

Ар бир адамдын өзүнүн эмоционалдык өзгөчөлүгү бар. Бирине көбүрөөк жалгыздыкта болуу жагат, экинчисине сөзсүз жанында бирөө болуусу керек. Жалгыздыкты сүйгөн адам качканда түгөйү өзүн “таштап” кеткендей, качкандай сезе баштайт. Мында ортодогу мамиледе карама-каршылык жаралат.

Эмне кылуу керек? Өзүңдүн каалооңду ачык айтып, андан кийин түгөйүңдүкүн угуу зарыл. Эки жак мамиледеги бири-биринин көз карашын түшүнгөндөн кийин гана “мени сүйбөй калды”, “качып жатат окшойт” деген күмөн саноолор жоголот.

Сүйлөшүү жок же аз

Түгөйлөрдүн мамилесиндеги эң негизги критерий – сүйлөшүү болуп саналат. Сүйлөшүү болбогон же аз болгон, же болбосо сапатсыз сүйлөшүү жүргөн жерде сөзсүз маселе жаралат. Күнүмдүк “кандай?”, “жумушка кеттим”, “курсагың ачтыбы?”, “баланы мектепке жеткир” же башка адатка айланган сөздөр эсепке алынбайт. Кайсы учурда сүйлөшүү жетишпей жатканы байкалат? Эки адам мурдагыдай бири-бири менен эмне жөнүндө ойлоп жатканын, эмнени кыялданганын, эмне жылмайтканын, эмнеге кайгырганын, эмнеге күлгөнүн... бөлүшпөй калат. Үй-бүлөдөгү балага же тиричиликке тиешелүү маселелер козголушу мүмкүн, болду. Ортодо алыстык, боштук пайда болот. Бара-бара сөз баштоо да кыйынга туруп калат. Бири-биринин компаниясында өзүлөрүн ыңгайсыз сезип, эки жакты кароо, качуу башталат же такыр эле бири-биринин мааниси, орду жоголо баштайт. Алгач түгөйүңдүн көңүл коштугу ызалануу, таарынуу сезимин жаратышы мүмкүн. Кийин ага да көнүп, ал жок жашоого ыңгайлана баштайсың, түгөйүң сүйлөсө да маани бербей каласың. Анан жаныңда түгөйүң турса да эмоционалдык жалгыздыкта жашап жаткандай сезим болот.

Эмне кылуу керек? Сүйлөшүүнүн жоктугун сүйлөшүү менен толтуруу туура. Бул учурда эки тарап тең катышуусу зарыл. Эмнеден улам маселе жаралганын ачык сүйлөшүү керек. Кыйкырбай, бири-бирин күнөөлөбөй. Алгач сиз баштаңыз, эмнеден улам өзүңүздү жалгыз сезип жатканыңызды. Балким, түгөйүңүз ортодо маселе жаралганын сезбей эле жүрөт, сиз айткандан кийин ойлонуп, түздөнгөнгө аракет кылат. Андан кийин анын ойлоруна кулак салыңыз. Сиз маани бербей жүргөн нерселер ага ыңгайсыздык жаратып жүргөнүн билип аласыз. Мамиленин үстүнөн күнүгө иштөө, коргоо керек. Эгер аны сактап калуу аракети күч болсо, бардыгы ишке ашат.

Физикалык байланыш

Үй-бүлөлүк жашоо, негизи эле жашоо өзү оор нерсе. Үй-бүлө, жумуш, окуу, бала-чака, тууган-урук жана башка толгон токой түйшүк бар. Үй-бүлөлүк түйшүктүн артынан жүрүп түгөйлөр бири-биринен алыстап кеткенин сезбей да калышат. Бири бошосо экинчиси бошобойт, биринин башы ооруса, экинчисинин тиши ооруйт, айтор, физикалык байланыш да жукара баштайт. Мурункудай жөн гана кол кармашып басуу, кучакташып отуруу деген нерсе унутулат. Физикалык байланыштын жоктугу – мамиледеги маанилүү жиптин үзүлгөндүгү деген түшүнүк.

Эмне кылуу керек? Албетте, убакыт табуу. Башкага тапкан убакытты түгөйүнө да тапса болот. Элементардык көңүл буруу, камкордук (чай, кофе даярдап берүү, шоколад, гүл тартуулоо себеп жок болсо да), мээрим, сүйүү, физикалык, сексуалдык байланышты (көз ымдашуу, кучакташуу, өбүшүү, кол кармашуу, укалоо, жылуу сөз, комплимент, мактоо жана башка) жандандырыңыз.

Бийлик талашуу

Бекем мамиле бири-бирин колдоодон, түшүнүүдөн, сүйлөшүүдөн түзүлөт деп келебиз. Түгөйлөрдүн бири ошол эрежелерди айланып өтүп өзү “бийликке” келгенде маселенин учу чыга баштайт. Бийлик дегенде кандай, буга чейин баары кеңешилип, анан биргеликте чечим чыгарылса, эми жалгыз адам өзү чечип коё берет. Түгөйүнө айтпай чоң бир нерсе сатып алат же бир жакка баруу чечимин чыгарат, же үйгө конок чакырат. Экинчи тарап бул кадамдарга каршы чыкмак эмес, болгону түгөйүнүн кеңешпей иш кылганынан улам ичинде “бунт” сезими жаралат да, каршылык көрсөтүп баштайт. Анан ортодо чыр чыгат, аралык алыстайт, ар бири өзүнчө чечим кабыл алып “жалгыздык” сезимин өзүлөрү чакырып алышат.

Эмне кылуу керек? Жооп жөнөкөй: бардыгын кеңешип иш кылыңыз. Эгер түгөйүңүз “өзүң чеч” десе бир жөн. Башка учурда кеңешиңиз, сүйлөшүңүз, түгөйүңүз аны менен эсептешип жатканыңызды, анын оюн баалай турганыңызды, керек экенин сезет. Ошого жараша өзү да сизге мамилесин жакшыртат.

Кемчилик издөө

Эмоционалдык жалгыздыкты жараткан дагы бир себеп – бири-биринен кемчилик издөө. Бирине полдо жаткан байпак, бирине көрүнгөн жерге түшкөн чач, дагы бирине эшикте катуу же акырын жапканы, же болбосо муздаткычты кечке ача бергени жакпайт. Бири-биринен калышпай кимдин кемчилиги көп экенин айта берүүнүн аягы чоң таарынычка, керекпи уруш-талашка жетиши мүмкүн.

Эмне кылуу керек? Идеалдуу адам жок экенин билебиз. Жан шеригиңиз менен чогуу отуруп, экөөңүздөр тең кагаз алыңыздар. Кагаздын бир бөлүгүнө түгөйүңүздүн сизге жакпаган сапаттарын, мүнөзүн, кыймыл-аракетин жазыңыздар да, кагаздын экинчи бөлүгүнө бардык жакшы жактарын жазыңыз. Анан кагаздарды алмаштырып, окуп, оңдочусун оңдогонго, толуктай турган нерсесин толуктаганга аракет кылуу зарыл. Күндөн күнгө негатив жагын оңдоп, позитивдүү сапаттар жазылган жерин көбөйткөнгө аракет кылыңыз.

Курмандык

Ортодо жаралган маселени чечүүгө бир эле түгөй катышканда да эмоционалдык жалгыздык жаралат. Түгөйүнүн көзүн карайт, кемчиликти өзүнөн издейт, үйдөгү, тиричиликтеги маселелерди өзү жалгыз чечкенге аракет кылат, анткени экинчи адамдын убактысы, каалоосу жок. Жан шеригинин жинине тийгиси, анын көңүлүн ооруткусу келбейт, таарынып калат деп ойлойт же мени таштап кетет деп коркот, же чымындан пил жасап жатам го, элдин баарында эле ушундай болсо керек деп сезимдерин ичке жута берет. Экинчи тарап да бардык маселелер анын катышуусу жок чечилип калганына көнүп калат.

Эмне кылуу керек? Мамиленин үстүнөн эки адам тең иш алып барышы зарыл. Бир адамдын курмандыгынын кереги жок, баарын жалгыз көтөргөн адам бактылуу болбойт. Кайрадан эле сүйлөшүү, түшүнүшүү керек. Сиз үчүн чоң маселе болуп жаткан нерсени түгөйүңүз кабыл албаса, сизди түшүнө албай жатса, психологдун, психотерапевттин жардамына кайрылуу кажет. Алар маселеден чыгуунун ыкмаларын түзүп беришет.


Макала "Супер-Инфо" гезитине таандык.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: