Албаниянын жасалма интеллект министри кош бойлуу экени айтылды
Албаниянын премьер-министри Эди Рама өлкөнүн жасалма интеллект министри Diella 83 балалуу экенин жарыялады.
"Биз Диелланы бул жерге алып келүү үчүн чоң тобокелчиликке бардык жана ийгиликке жеттик. Демек, Диэлла кош бойлуу жана анын 83 баласы бар",- деди премьер-министр 26-октябрда Берлинде өткөн Global Dialogue конференциясында. Анын сөзүн NDTV телеканалы жарыялады.
Рама белгилегендей, виртуалдык министрдин балдары парламент мүчөлөрүнүн жардамчылары катары иш алып барышат. Алар парламентте болуп жаткан окуяларды жазып алып, мыйзам чыгаруучуларга талкуулар жана иш-чаралар тууралуу маалымат беришет.
Айта кетсек, Албания сентябрь айында дүйнөдө биринчи болуп жасалма интеллектти министр кылып дайындаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















