"Эмне кылып отурасың?" Кара-Көлдүн мэри Садыр Жапаровдон тил укту (видео)
Кара-Көл шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдон жеме укту.
Бүгүн, 27-октябрда президент Кара-Көл шаарына жаңы курулган ГЭСтин ачылышына катышып, андан соң жергиликтүү эл менен жолуккан. Бул учурда бир тургун мектепке кошумча корпус куруп берүүнү суранган.
Анда Садыр Жапаровдун жанында турган Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев шаарда андан башка да мектеп бар экенин, бирок айтылган мектепте мугалимдер күчтүү болгондуктан балдардын саны көп болуп жатканын айтып, көйгөйдү түшүндүргөн.
Мамлекет башчы буга ачууланып, Орозбаевге "бул сенин ишиң да, эмне кылып отурасың?" деп суроо узатты. Мэр "ал жакка мугалимдер барбай жатышат" деп жооп берди.
Анын жообуна канааттанбаган Жапаров: "Таппайсыңбы! Мугалимдерди тартпайсыңарбы! Айлык акысы жакшы эле го. Мына, дагы көтөрүп бергени жатабыз",- деди.
Кара-Көлдүн мэри Садыр Жапаровдон тил укту
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















