Зеленский: "Ок атышууну токтотуу планы 7-10 күндүн ичинде даяр болот"
"Каалоочулардын коалициясы" Украинанын аймагында ок атышууну токтотуу боюнча планды алдыдагы 7-10 күндүн ичинде даярдоону пландап жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Бир нече кыска пункт бар. Мисалы, ок атышууну токтотуу планы. Биз алдыдагы жума ичинде же он күндүн аралыгында бул багытта иш алып барууну чечтик",- деп белгиледи Зеленский.
Анын айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин ок атышууну токтотуу планын кабыл алышы азырынча мүмкүн эмес.
Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров европалык лидерлер менен Зеленскийдин ок атышууну токтотуу боюнча чакырыктарынын максаты - Киев режиминин кайра күчтөнүүсүнө убакыт берүү экенин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















