Арасында мурда бошотулгандар да бар... Израилдин аскерлери 21 палестиналыкты кармашты
Израилдин баскынчылыктагы армиясы Батыш Иорданияда жүргүзгөн рейддеринин жүрүшүндө акыркы эки туткун алмашуусунда эркиндикке чыккан 15 адамды кошо эсептегенде, жалпы 21 палестиндикти камакка алды. Бул тууралуу Палестина Туткундар коому жана Палестина Азаттык уюмунун алдындагы Туткундар жана Бошотулгандар комитети биргелешкен билдирүү жасады.
Маалыматка караганда, Израил күчтөрү Ерихонун Акбат Жабр качкындар лагеринде рейд жүргүзүп, туткун алмашуунун алкагында бошотулган 15 палестиндикти кайра камакка алган. Рейд маалында бир нече адам сабалып, белгисиз жайга суракка алып кетилгени кабарланды. Ошондой эле Израил армиясы Рамалла, Хеброн, Вифлеем, Наблус жана Тулькарем шаарларындагы үйлөргө да басып кирип, дагы алты адамды камакка алган.
Камалгандардын арасында ХАМАС кыймылынын көрүнүктүү өкүлү, мурдагы Эл-Бире шаарынын мэри Жамал ат-Тавил да бар экени белгиленди. Жергиликтүү булактар анын үйүнө жасалган рейд маалында балдары сабалганын, андан соң Тавилди белгисиз жакка алып кеткенин билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















