Орусияда көчөдөгү белгисиз адам аялга кол салды (видео)
Орусиянын Оренбург шаарында мугалимди коркунучтуу "психопат" өлтүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал аял унаасына отурганда кол салган. Аял катуу кыйкырып, жардам сурап кайрылган, ал эми белгисиз жаран аны муунтуп өлтүргөн. Көптөгөн унаалар өтүп жатканына карабастан, бир дагы айдоочу токтогон эмес. 56 жаштагы мугалим окуя болгон жерде каза болгон.
Шектүү жабырлануучунун 42 жаштагы кошунасы Александр Васильев болгон. Ал психиатрия борборунда каттоодо турган.
Кишиде жеке кастык болгон. Ал көп учурда кошунасы менен талашып-тартышып, мурда дагы кол салган.
Кылмыш иши козголуп, шектүү кармалды.
Орусияда көчөдө киши аялга кол салган
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















