Камерунда дүйнөдөгү эң кары президент сегизинчи ирет кайрадан шайланды
Дүйнөдөгү эң кары мамлекет башчы, 92 жаштагы Поль Бийя Камерундун президенти болуп жети жылдык мөөнөткө кайрадан шайланды. Бул тууралуу өлкөнүн Конституциялык соту жарыялады.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Бийя 53,66 пайыз добуш алды.
Поль Бийя Камерунду 1982-жылдан бери башкарып келет. Бул анын сегизинчи мөөнөтү болот.

Шайлоо 12-октябрда өткөн, ал эми бүгүн, 27-октябрда Конституциялык сот анын жыйынтыгын расмий түрдө бекитти. Шайлоо комиссиясы добуш берүү тынч шартта өткөнүн билдирди.
Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү маалында Бийя болгону бир гана митинг өткөргөн, ал эми он күндүк үгүт мезгилин Европада жеке сапарда өткөргөн.

Шайлоого дагы тогуз талапкер катышкан, алардын экөө Бийянын союздаштары болуп, шайлоого катышуу үчүн министрлик кызматтарын убактылуу тапшырышкан.
Ал эми 71 жаштагы оппозиция лидери Морис Камто шайлоого катышууга июль айында эле уруксат ала алган эмес.
Эске сала кетсек, 2018-жылдагы шайлоодон кийин Камто өзүн жеңүүчү деп жарыялап, массалык нааразылык акцияларын уюштурган болчу.

Камерунда шайлоо бир эле турда өтөт, эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү болуп эсептелет. Бирок жыйынтыкты сөзсүз түрдө өлкөнүн Конституциялык соту бекитиши керек. Өлкөнүн ички иштер министри алдын ала бардык талапкерлерди өздөрүн жеңүүчү деп жарыялай турушун эскерткен.
Камерун элинин көпчүлүгү өмүрүндө башка мамлекет башчысын көргөн эмес, 30 миллион калктын 60 пайыздан ашыгы 25 жашка чыга элек.
Ошол эле учурда өлкөдө инфляция, коопсуздук маселелери, социалдык кызматтардын сапатынын төмөндүгү, коррупция жана жумушсуздук боюнча нааразычылыктар өсүүдө.

Айрыкча жумушсуздук көйгөйү жаштар арасында өтө курч турат: 15 жаштан 35 жашка чейинки жарандардын 40 пайызга жакыны ишсиз. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына караганда, жогорку окуу жайларын бүтүргөндөрдүн 23 пайызы расмий иш таба албай келет.
Камерундук саясий талдоочулар белгилешкендей, Поль Бийя үчүн ар дайым эң башкы максат бийликти сактап калуу болуп саналат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















