super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жапаров Жалал-Абад облусунда УКМКнын окуу-машыгуу борборун ачты (фото)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин "Альфа" атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды. Ошол мезгилден баштап улуттук коопсуздук органдарынын "Альфа" тобу өзүнүн өзгөчө ишмердигин үзгүлтүксүз аткарып келет.

"1999-жылдын август-ноябрь айларында "Альфа" атайын операциялар бөлүмү Баткен облусуна кирген эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу жана аскер кызматчыларынын коопсуздугун камсыз кылуу милдеттерин аткарган. Тоолуу аймакта бандалык түзүлүштөрдү ыкчам издөөгө, буктурмага алуу менен жок кылууга жигердүү катышкан",- деп белгиледи президент.

Ал бөлүк эл аралык терроризм жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң тажрыйбага ээ экенин, экстремисттерди жок кылуу, барымтадагыларды бошотуу, ошондой эле баңги синдикатынын жана террордук уюмдардын лидерлерин кармоо боюнча операцияларды жүргүзгөнүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы быйылкы жылдын башында УКМКнын жетекчилигинин демилгеси менен Атайын багыттагы кызматтын окуу-машыгуу борборунун курулуш иштери башталганын билдирди.

"Кызматтын өздүк курамын чыңдоо максатында заманбап техникалар, акыркы үлгүдөгү аппараттар алынып берилүүдө. Борбордун базасында Жалал-Абад облусунун күч түзүмдөрү менен жарандык коргонуу түзүмдөрү да өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу боюнча окуу-машыгууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк алышты",- деп белгиледи Садыр Жапаров.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы атайын багыттагы бөлүктүн согуштук даярдыгын жогорулатуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып, окуу-машыгуу борборунун имаратын көрүп чыкты.

Президент "Альфа" жоокерлеринин шарттуу террористтерди жок кылуу жана барымтадагыларды бошотуу көнүгүүлөрү боюнча тактикалык машыгууларын да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров бута атышуучу жерге барып, FPV-дрондор колдонулган практикалык сабактарга катышып, бөлүктүн жогорку даярдыгын жана заманбап техникалык жабдылышын белгилеп өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: