Улут аралык кастыкты козутууга шектелген жарандар кармалышты (фото)
Улут аралык кастыкты козутууга шектелген 19 жаштагы жарандар милицияга жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, социалдык тармактарда өспүрүмдөр катышкан улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган видео тараган.
Бул факты Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын негизинде териштирүү иштери башталган.
ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында 2006-жылы туулган Р.Н., И.Б., Т.А., О.Р. жана Б.К. аттуу жарандар аныкталып, райондук милициянын Тергөө кызматына жеткирилди.
Мекемеден билдиришкендей, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча, бул окуяга тиешеси бар бардык адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:57
2025-11-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















