super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БШК үгүт жүргүзүүдө тыюу салынбаган материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти

 
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 27-октябрда шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоочулардын арасында акысыз жайылтууга тыюу салынбаган үгүт материалдардын жана товарлардын тизмегин бекитти. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, бул тизме Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө демократиялык принциптерди бекемдөө, эл аралык шайлоо стандарттарына жана өлкөнүн мыйзамдарына толук ылайык келтирүү, шайлоочулардын аң-сезимдүү тандоосун жана шайлоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында бекитилди.
Тизмеге төмөнкүлөр кирет:
1. Басылма үгүт материалдары (газеталар, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, пакеттер);
2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар төш белгилер;
3. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, жилеткалар;
4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар баш кийимдер;
5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар моюн ороочтор;
6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин толук аты-жөнү же саясий партиянын символикасынын сүрөтү бар желекчелер;
7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символдору түшүрүлгөн аба шарлары;
8. Талапкердин жана/же талапкердин (толук аты-жөнү) сүрөтү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: