Путин АКШ менен түзүлгөн плутоний боюнча келишимден чыга турганын билдирди
Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ менен түзүлгөн келишимден чыгып, коргонуу максаттарына колдонулбаган плутонийди жок кылуу пландалганын жарыялады. Бул келишимде эки өлкө 34 тонна плутонийди жок кылууга милдеттенген.
Орусия менен АКШ өкмөттөрүнүн арасындагы плутонийди жок кылуу тууралуу келишим 2000-жылы кол коюлуп, Москвада 2011-жылы ратификацияланган. Бул келишим боюнча затты кайра иштетүү, аны атом электр станцияларынын күйгүзүүчү отуну үчүн компонент катары колдонуу 2018-жылы баштала турганы пландалган.
Бирок орус тарап 2016-жылы келишимдин ишин токтотуп, АКШны милдеттенмелерди бузуп жатат деп айыптаган. Буга Вашингтон плутоний калдыктарын көмүүнү чечкени себеп болгон.
Ошондой эле Кремль өз чечимин "АКШнын Орусияга карата достук эмес аракеттеринин натыйжасында стратегиялык туруктуулукка коркунуч жаралгандыгы" менен түшүндүргөн.
Куралдык плутоний ядролук курал жаратууда колдонулат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















