Эрдогандын негизги атаандашы саясий тыңчылык боюнча айыпталууда
Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглуна саясий тыңчылык боюнча жаңы айып тагылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Имамоглу — Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогандын негизги атаандашы, ал март айынан бери коррупция иши боюнча камакта отурат. Жайында аны Стамбул прокуратурасынын өкүлүн эл алдында кордоо жана коркутуу иши боюнча 20 айга эркинен ажыраткан. Өз кезегинде саясатчы бардык айыптоолорду четке кагууда.
Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, саясий тыңчылык боюнча иликтөө өткөн жумада башталган. Имамоглу ушул жылдын июль айында камакка алынган ишкер менен байланышта болгон деп шектелүүдө. Ал ишкердин чет өлкөлүк чалгын кызматтары менен кызматташканы айтылган.
Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттигинин маалыматына караганда, Стамбул мэри шаар тургундары тууралуу маалыматтарды чет элдик каржылоонун ордуна берген деп айыпталууда. Бул каржылоо анын 2019-жылдагы шайлоо кампаниясына колдонулган.
Имамоглудан тышкары айыптоолор анын шайлоо кампаниясынын мурдагы менеджери Нежати Озканга жана оппозициячыл Tele 1 телеканалынын башкы редактору, журналист Мердан Янардагга да коюлган.
Hurriyet Daily News басылмасынын маалыматы боюнча, Tele 1 телеканалы мамлекеттин көзөмөлүнө алынган, ал эми анын YouTube каналы жабылган. Имамоглу жаңы иш боюнча көрсөтмө берип, 26-октябрда сотко катышкан. Ал тыңчылык боюнча айыптарды четке каккан.
Сот имаратынын алдында анын жүздөгөн тарапташтары чогулган. Associated Press жазгандай, бул Имамоглу үчүн жети айдан берки биринчи жолу түрмөдөн чыгуу болгон. Ал Стамбулдун четиндеги түрмөдө кармалууда.
Имамоглу 2025-жылдын март айында коррупция боюнча шек саналып камакка алынгандан кийин, анын мэрлик ыйгарым укуктары токтотулган.
Белгилей кетсек, ал 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Эрдогандын негизги атаандашы катары каралып келген. Имамоглуну камакка алуу "Республикалык Эл" партиясынын ички шайлоосунун алдында болгон, анда ал партия тарабынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлмөк.
Имамоглунун камалышы өлкөдө массалык нааразылык акцияларын да жараткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















