Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуу жарыяланды
Бишкек шаарынын мэриясы 2050-жылга чейинки борбордун башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар өтөрүн билдирди. Коомдук угуулар 24–25-декабрда райондор боюнча бөлүнүп өткөрүлөт.
- Ленин жана Биринчи Май райондору – Чүй проспекти, 168а;
- Октябрь району – Октябрь райондук администрациясынын жыйын залы;
- Свердлов району – Үсөнбаев көчөсү, 200/1.
"Долбоор менен таанышуу үчүн мэриянын расмий сайтынан (https://bishkek.gov.kg/ru/post/32391) же bishkek@meria.kg электрондук почтасы аркылуу сурап алууга болот. Ошондой эле
Москва көчөсү, 188, 2-кабат, №2 кабинетке барып кагаз түрүндө алса болот.
Бардык сунуштар жана пикирлерди genplan@meria.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот же болбосомэриянын бирдиктүү терезесине "Башкы план 2050" деген белгиси менен кагаз түрүндө калтырууга болот. Коомдук угууларды өткөрүү убактысы угуу болорго бир жума калганда кошумча кабарланат",- деп белгиленген маалыматта.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















