super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Спорт  

Сербиядагы U23 дүйнө чемпиондугунда Өмүрбек Асан уулу күмүш медаль жеңди

 
Кыргызстандык балбан Өмүрбек Асан уулу Сербиянын Нови-Сад шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.
23 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнирде кыргызстандык балбан эркин күрөш боюнча 61 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашты. Ал Кытай, Болгария, Албания жана Түркиянын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн болгон чечүүчү беттеште анын атаандашы 19 жаштагы америкалык Жэксон Патрик Форрест болду. Ал буга чейин Хорватияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпиондугунда Тайырбек Жумашбек уулун чейрек финалда уткан.
Күчтүү атаандаштыкта өткөн финалдык беттеште америкалык балбан жеңишке жетип, алтын медалды алды, ал эми кыргызстандык Өмүрбек Асан уулу күмүш медаль тагынды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: