super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анкара менен Лондон истребителдер боюнча ири келишимге кол коюшту

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер Eurofighter Typhoon үлгүсүндөгү истребителдерди жеткирүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул келишим Стармердин Анкарага жасаган алгачкы расмий сапарынын жүрүшүндө түзүлүп, Эрдогандын айтымында, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоонун жаңы баскычы болуп саналат.

Стармер бул келишимди "тарыхый учур" деп атап, анын наркы 10,7 миллиард долларды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, келишим НАТОнун коопсуздугун бекемдеп, эки өлкөнүн коргонуу тармагындагы кызматташуусун тереңдетет жана миңдеген жумуш орундарын түзөт.

Британия өкмөтү бул келишимди "бир муун ичиндеги эң ири аскердик учак экспорттук келишими" деп атады. Eurofighter Typhoon үлгүсүндөгү 20 учак Улуу Британиянын бир нече шаарындагы заводдордо чыгарылат жана бул 20 миң адамды иш менен камсыз кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: