Трамп Орусиянын жээгиндеги АКШнын суу астындагы кемеси жөнүндө эскертти
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусияда жакында өткөн "Буревестник" аттуу континент аралык канаттуу ракетанын сыноосу боюнча комментарий берди. Трамп Орусиянын жээгинде АКШнын суу алдындагы атомдук кемеси бар экенин жана бул тууралуу Москва жакшы билерин белгиледи.
"Алар биздин дүйнөдөгү эң мыкты атомдук суу алдындагы кайыгыбыз бар экенин, ал алардын жээгинде турганын билишет. Бизге 8 миң мильге учкан ракета керек эмес. Алар биз менен оюн кылышпайт, биз да алар менен оюн кылбайбыз",- деди Трамп.
АКШ президенти өлкө ракеталык сыноолорду улантып жатканын кошумчалап, бирок заманбап суу алдындагы кайыктардын болушу өтө алыс аралыкка учуучу ракеталарды анчейин зарыл кылбай турганын белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Владимир Путинди сындап, "бир жумага созулушу керек болгон согуш төртүнчү жылга жакындап калды, Путин аны бүтүрүүгө көңүл бурушу керек" деди.
Эске салсак, буга чейин Орусия маалымат каражаттары "Буревестник" ракетасынын сыноосу 21-октябрда болгонун, ал 15 саатта 14 миң чакырым аралыкты басып өткөнүн жазышкан. Маалыматтарга караганда, ракета чакан ядролук реактор менен жабдылгандыктан, бир нече күн бою абада уча алат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















