super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Темиров LIVE" жана "Клооп" медиалары экстремисттик деп жарыяланды

 
Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан "Темиров LIVE", "Айт Айт Десе" жана Клооп" медиаларынын маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылды. Бул тууралуу сотко шилтеме берүү менен Region телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов билдирди.
Ал белгилегендей, райондук сот Октябрь райондук прокуратурасынын доо арызын канааттандырган. Ошондой эле аталган долбоорлордун ишмердүүлүгүнө катышкан Болот Темиров жана Ринат Тухватшиндин аракеттери да экстремисттик деп таанылган.
"Соттун чечими менен бул медиа-долбоорлордун интернеттеги баракчаларына жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Мындан тышкары, аталган медиа долбоорлордун материалдарын жайылтуу же кайра жарыялоодо Кылмыш-жаза кодекси боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралган",- деп жазды ал Facebook баракчасында.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: