Францияда диверсиялык аракеттен улам поезддердин каттамы үзгүлтүккө учурады
Франциянын Лион-Авиньон багытындагы ылдам жүрүүчү поезд каттамдары сигналдык кабелдерде атайылап чыгарылган өрттүн айынан токтотулду. Өлкөнүн темир жол компаниясы SNCF расмий сайтында билдиргендей, өрттөн улам эртең мененки сааттардан тарта каттамдарда олуттуу кечигүүлөр жана айрым сапарлардын токтотулушу орун алган.
Компаниянын маалыматына караганда, өрт "вандалдык аракеттин" натыйжасынан чыккан. Учурда зыян тарткан кабелдерди оңдоо иштери жүрүп жатат. SNCF ошондой эле Париж багытындагы жана өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө жүргөн поезддер да ушул өрттүн кесепетинен кыйла кечигерин билдирди.
Франциянын транспорт министри Филипп Табарро X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Валанс станциясынын түштүк тарабындагы сигнал кабелдери атайылап өрттөлгөнүн белгилеп, бул саботаждык жана вандалдык аракеттерди "кабыл алынгыс" деп атады. Ал SNCF кызматкерлери кыймылды калыбына келтирүү үчүн ишке киришкенин айтып, "саботаждын уюштуруучулары катуу жазага тартыларын" билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















