Камбоджа менен Таиланд Трамптын катышуусунда тынчтык келишимине кол коюшту
АКШнын президенти Дональд Трамп Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда өткөн АСЕАН саммитинде Таиланд жана Камбоджа ортосундагы тынчтык келишимине кол коюу аземине катышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, 26-октябрда өткөн иш-чарада Таиланддын премьер-министри Анутхин Чанвиракун жана Камбоджанын премьер-министри Хун Манет документке кол коюшса, төртүнчү болуп Малайзиянын премьер-министри, быйылкы АСЕАН төрагасы Анвар Ибрагим кол койду. Трамп бул окуяны "Түштүк-Чыгыш Азия эли үчүн тарыхый күн" деп атап, келишим Камбоджа менен Таиланддын чек арасындагы куралдуу кагылышууну токтоторун билдирди.
Келишимге ылайык, эки өлкө "тынчтык жана коопсуздукка бекем берилгендигин" тастыктап, чек ара аймагында мина тазалоо иштерин баштоого, оор курал-жарактарды чыгарууга жана АСЕАН түзгөн байкоочу топтордун ишине уруксат берүүгө макул болушту. Таиланд соңку үч айдан бери камакта кармап турган 18 камбоджалык аскерди бошотууга убада берди. Келишимден кийин Ак үй Таиланд жана Камбоджа менен соода келишимдери да түзүлгөнүн жарыялады.
Эске салсак, Таиланд менен Камбоджанын чек арасындагы согуштук аракеттер быйыл 24-июлда башталган. Бул кагылышуулар 100 жылдан ашуун талашка себеп болгон "Изумруд үч бурчтугу" деп аталган чек ара тилкесинде чыккан. Негизги талаш аймагы - Прэахвихеа индуисттик храм комплекси жана анын айланасы. Малайзия, АКШ жана Кытайдын ортомчулугу менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин тараптар 28-июлда ок атышууну токтотууга жана тынчтык келишимин ишке ашырууга макулдашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















