super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президенттер: Камерундун 8-ирет шайланып жаткан 92 жаштагы өлкө башчысы тууралуу фактылар

 

Дүйнөдөгү эң кары мамлекет башчысы, 92 жаштагы Поль Бийя Камерундун президенти болуп жети жылдык мөөнөткө кайрадан шайланды. Ал шайлоочулардын 53,66 пайыз добушун алды. Камерунду Поль Бийя 1982-жылдан бери башкарып келет. Бул анын президенттик тактыдагы сегизинчи мөөнөтү.

SUPER.KG порталынын "Президенттер" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында дал ушул Камерундун тактан түшкүс башчысы тууралуу сөз кылабыз.

Франциянын борборунда билим алган инсан

Поль Бийя 1933-жылдын 13-февралында Камерундун түштүгүндөгү Мвомека айылында төрөлгөн. 1956-жылы Яундедеги генерал Леклерктин атындагы лицейди бүтүрүп, философия адистиги боюнча диплом алган. Ошол эле жылы Париждеги атактуу Луи ле Гран лицейинде, андан кийин Сорбонна университетинде окуган. Мындан тышкары, Париж университетинин юридикалык факультетин жана Саясий илимдер институтун аяктаган. 1962-жылы Париждеги Тышкы аймактарды изилдөө институтун бүтүрүп, ошол эле жылы мекенине кайтып келген.

Саясаттагы алгачкы кадамы

Поль Франциянын борборунан билимин арттырып келген соң алгач президент Ахмаду Ахиджонун администрациясында өзгөчө тапшырмалар боюнча кызматкер болуп иштеп баштаган. 1964-жылы Улуттук билим берүү, жаштар жана маданият министрлигин жетектеп, 1965-жылы министрликтин башкы катчысы болгон. 1967-жылы кайрадан президенттик администрацияга өтүп, жарандык кабинеттин директору болуп дайындалган. 1968-жылдын январында президенттик администрациянын башкы катчысы, ал эми август айында министр наамын алган. 1970-жылдын июнунан тартып мамлекеттик министрге жеткен.

Мына ушундай жетишкендиктер аны 1975-жылдын 30-июнунда Камерундун премьер-министр кызматына дайындалышына алып келди. Ал эми 1980-жылдан тартып өлкөдөгү жалгыз саясий уюм Камерун улуттук союзунда төраганын орун басары болгон.

Президент болуп келишинин баяны

1982-жылдын 4-ноябрында президент Ахмаду Ахиджо ден соолугуна байланыштуу күтүүсүз түрдө отставкага кеткенин жарыялайт. Конституцияга ылайык, 6-ноябрда анын ордун Поль Бийя алмаштырган. Анткени ал ошол учурда өлкөдө экинчи адам болуп турган.

Кийинки жылдын август айында Бийя Ахиджону мамлекеттик төңкөрүш даярдоого айыптаган. 1984-жылдын февралында ордун Бийяга таштап кеткен президент жана анын эки жардамчысы сыртынан соттолуп, өлүм жазасына тартылган. Бирок кийин Бийя бул жазаны өмүр бою камакка алмаштырган. Өлкөдөн качып кеткен Ахиджо 1989-жылы 30-ноябрда Дакарда каза болгон.

1983-жылдын 14-сентябрында Бийя Камерун улуттук союзунун төрагасы болуп шайланып, партияны 1985-жылы "Камерун элдик демократиялык биримдиги" деп өзгөрткөн.

Кайра-кайра шайланган өлкө башчысы

  • 1984-жылдын 6-апрелинде дагы бир төңкөрүш аракетин өкмөттүк аскерлер токтоткон. Андан кийин Бийя Республикалык гвардияны таркатып жиберген. Ошол жылдагы шайлоо ага жеңиш алып келип, 99,98 пайыз добуш менен президент болгон;
  • 1988-жылы дагы 98,75 пайыз добуш менен кайра шайланган;
  • 1992-жылы өткөн шайлоодо 39,98 пайыз добуш алып кайра жеңишке жеткен. Анын атаандашы Жон Фру Нди 36,8 пайыз алган;
  • 1997-жылдагы шайлоодо 92,57 пайыз менен алдыга чыккан;
  • 2004-жылы 70,92 пайыз добуш алган;
  • 2011-жылы 77,99 пайыз добуш менен кайра шайланган;
  • 2018-жылдын 7-октябрындагы шайлоодо ал дагы жеңишке жетишип, 71,28 пайыз добуш алган. Анын негизги атаандашы Морис Камто 14,23 пайыз добуш алып, шайлоо жыйынтыгын бурмалоо болгонун айткан. 2019-жылдын январында Камто нааразычылык акцияларынан кийин камакка алынган, бирок ошол жылдын октябрында аскердик сот аны жана бир нече тарапташтарын бошоткон.

Саясий жана экономикалык багыты

1994-1996-жылдары Камерун менен Нигериянын ортосунда мунайга бай Бакасси жарым аралы үчүн куралдуу кагылышуулар болгон. 2002-жылы Эл аралык сот Камерундун пайдасына чечим чыгарып, 2006-жылы Бийя менен Нигериянын президенти Обасанджо тиешелүү келишимге кол коюшкан. 2008-жылы жарым арал расмий түрдө Камерунга өткөрүлгөн.

Поль Бийя Францияга жакын саясатчы катары белгилүү. Экономика тармагында Кытай менен тыгыз кызматташтыкты өнүктүрүп келет. Кытай бир катар ири долбоорлорго инвестор жана насыя берүүчү катары катышууда. Алардын бири 2015-жылдан бери алыскы аймактарды электр энергиясы менен камсыз кылуучу күн панелдер комплексинин курулушу.

2000-жылдардын башында мунай баасынын өсүшү өлкө экономикасын бир аз жеңилдеткен, бирок тышкы ири карызды мунай кирешеси менен жабуу мүмкүн болбой калган. 2006-жылы Париж клубунун мүчөлөрү Камерундун карызынын бир бөлүгүн кечиришкен. Бирок өлкөдө коррупциянын деңгээли абдан жогору бойдон калгандыгы маалыматтарда айтылып келет.

Бийянын авторитардык башкаруусу англис тилдүү Камерун аймактарынан чыккан жарандар тарабынан өзгөчө сынга алынат. Айрым эл аралык рейтингдерде ал дүйнөдөгү узак мөөнөттүү диктаторлордун катарына кирет. Мисалы, Parade журналынын 2009-жылкы тизмесинде Бийя дүйнөдөгү 19-диктатор катары көрсөтүлгөн.

2022-жылдын 8-сентябрында Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II'нин өлүмүнөн кийин Поль Бийя дүйнөдөгү эң кары иштеп жаткан мамлекет башчысы болуп калган.

Поль Бийянын үй-бүлөсү

Поль Бийя биринчи жубайы Жанна-Ирен Бийя каза болгондон кийин Шанталь Вигуру аттуу айым менен турмушун улаган. Бийянын үч баласы бар. Биринчи турмушунан уулу Фрэнк, ал эми экинчи турмушунан уулу Поль, кызы Бренда.

Кызы репер жана өзүнүн өзгөчө жүрүм-туруму менен Камерунда белгилүү. Ал акыркы убактарда үй-бүлөсүнөн алыстап, коом алдында атасынын кайра шайланышына каршы чыгып, адамдарды ага добуш бербөөгө чакырып келет.

Камерундагы шайлоо өзгөчөлүгү

Камерунда шайлоо бир тур менен өтөт. Эң көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын өлкөнүн Конституциялык соту бекитет. Өлкөнүн ички иштер министри талапкерлерди жыйынтык расмий жарыяланмайынча өздөрүн жеңүүчү деп атоого тыюу салган.

Көпчүлүк камерундуктар өз өмүрүндө башка мамлекет башчысын көргөн эмес. Өлкөнүн 30 миллиондой калкынын 60 пайыздан көбүн 25 жашка чейинки жаштар түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: