Голливуддагы эң кымбат актриса Жулия Робертс 58 жашка толду

Америкалык белгилүү актриса Жулия Робертс бүгүн, 28-октябрда 58 жашка толду. Ал АКШнын Жоржия штатындагы Смирна шаарында мугалимдин үй-бүлөсүндө 1967-жылдын 28-октябрында төрөлгөн. Жулия мектепти бүткөндөн кийин Манхэттен шаарына келип, дүкөндө сатуучу болуп иштеп калган. Анын бала чагы кыйынчылык күндөр менен коштолгону айтылат. Себеби ата-энеси Жулия 4 жашка толгондо эки жолго түшкөн. Ошентип актриса бала кезинен бой тартканга чейин өгөй атасы менен жашоого мажбур болгон. Апасы өгөй атасы менен 11 жыл жашагандан кийин ажырашууну туура көрөт. Апасы кийин эки ажырам жолго түшүүгө жолдошунун балдарга көрсөткөн зомбулугу себеп болгонун ачыктаган.

Жулия Робертс 19 жашка толгондо агасы Эрик аны киного тартылууга чакырган. Жулиянын алгачкы тартылган киносу "Кызыл кан" деп аталган. Андан соң ушул сыяктуу кыска метраждуу фильмдерге тартыла баштаган.
Актрисаны атактуулукка жеткирген режиссёр Гарри Маршалл тарткан "Сулуу" фильминдеги башкы каармандын ролу болгон. Аталган тасма жаратуучуларга жалпы 180 миллион доллар киреше алып келген. Андан кийин актриса көптөгөн тасмаларга тартылуу сунушун алып баштаган. Анын "Эң жакын курбумдун үйлөнүү тою", "Ноттинг Хилл", "Качкан келин" жана башка фильмдерде жараткан ролдору карьерасын алдыга карай сүрөп, Голливуд актёрлорунун катарына киргизген.

Учурда Жулия Робертс Голливуддун эң кымбат жана бай, ийгиликтүү актрисаларынын бири болуп саналат. Мисалы, "Мона Лизанын жылмаюсу" деген тасмада роль жаратканы үчүн ага 25 миллион доллар гонорар төлөп беришкен.

Жулия Робертс 1993-жылы жылдызы жанып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп турганда өзүнөн бир топ жашка улуу Лайл Ловетт аттуу адамга башын байлап, турмушка чыккан. Бирок алардын үй-бүлөлүк турмушу 2 жылга гана созулган.
Андан кийин 2000-жылы Дэниэл Модер аттуу мырза менен таанышып, эки жылдан кийин алар үй-бүлө курушкан. Түгөйлөрдүн бири уул жана бири кыз болгон эгиз балдары жана дагы бир уулу бар. Азыркы тапта актриса үй-бүлөсү менен Манхэттенде хансарайда жашайт. Алардын мамилеси Голливуддагы эң узакка согулган мамиле болуп эсептелет.

0

Супер-Инфо
super.kg видео
















