super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууга кызыкдар экенин билдирди

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Түштүк Кореяга болгон сапары учурунда, эгер ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кааласа, аны менен жолугушууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Эгер ал жолугууну кааласа, мен кубанычта болом. Менин Ким Чен Ын менен мамилем абдан жакшы болчу. Жолугушууну кааласа, мен Түштүк Кореяда болом",- деди Трамп журналисттерге.

АКШ президенти "Түндүк Кореянын лидери менен жолугушууну камтуу менен Азия боюнча күн тартибин кеңейтүүнү пландап жатасызбы?" деген суроого жооп берип жатып, Трамп бул маселе боюнча азырынча эч кандай конкреттүү ой жүгүртпөгөнүн, бирок Ким Чен Ын кызыкдар экенин билдирсе, андай кылууга даяр экенин айткан.

Трамп жумушчу сапарынын алкагында Японияга жана Корея Республикасына да барарын жарыялады. Ал эки тараптуу сүйлөшүүлөргө гана эмес, ошондой эле АСЕАН жана АТЭСтин иш-чараларына да катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: