super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров Сузакта МИКтин батирлерин тапшырды

 

Бүгүн, 28-октябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Жалал-Абаддын Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы "Асман-Резиденс-4" көп кабаттуу турак-жай комплексиндеги батирлерди тапшыруу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

"Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 2015-жылы 10 миллион сомду түзсө, быйыл ал 87,5 миллирд сомго чейин өскөнүн белгилеп айта кетейин. Үй алуу үчүн арыздарды кабыл алуу санариптештирилип, "Түндүк" мобилдик тиркемесинин ишке киргизилиши кезектин автоматташтырылышына жана коррупциялык тобокелдиктерден арылууга өбөлгө түздү.

Азыркы учурда 13 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болуп, дагы 69 миңден ашык жаран мамлекеттик программалардын алкагында үй алуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Бүгүнкү күндө Мамлекеттик ипотекалык компания мамлекеттин жеткиликтүү турак жай системасынын натыйжалуу жана туруктуу моделин көрсөтүп, миңдеген муктаж жарандарыбызды үй менен камсыз кылып, экономикалык өсүштү жана инфратүзүмдүн өнүгүшүн стимулдаштырууда.
Жетишилген жыйынтыктар мамлекеттик турак жай саясатынын негизи катары стратегиялык маанисин далилдеп турат.
Ал эми батирлери тапшырыла турган "Асман Резиденс-4" турак жай комплексинде 9 кабаттуу 12 үй курулуп, жалпы 945 батирди камтыйт. Анын ичинде үмүт артып, кезекке турган 153 жаранга ак өргөөлөрүнүн ачкычтары тапшырылмакчы.
Бул көп кабаттуу үй дагы жашоого ыңгайлуу, коопсуз, заманбап стандарттар жана тиешелүү шарттары менен курулду",- деди мамлекет башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: