Индияда "Адал" сертификатына тыюу салуу талап кылынууда
Индияда бийликтеги Bharatiya Janata партиясынын депутаты жана мурдагы министр Басанагоуда Патил Ятнал өлкө боюнча "адал" сертификатын колдонууга тыюу салууну сунуштап, коомдук талкуу жаратты. Ал ички иштер министри Амит Шахка кат жолдоп, халал сертификатын берген уюмдарды жана халал белгиси бар товарларды мыйзам менен тыюуну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, Ятнал адал сертификаты ислам шариатына негизделгенин жана Индия Конституциясында анын мыйзамдык негизи жоктугун айтып чыкты. Анын айтымында, өлкөдөгү азык-түлүктүн коопсуздугун жана сапатын көзөмөлдөгөн жалгыз орган - Индиянын азык-түлүк коопсуздугу жана стандарттары боюнча органы болуп саналат. Депутат ошондой эле адал сертификатын берген айрым уюмдар чогулткан каражаттар мыйзамсыз иштерди каржылоого колдонулушу мүмкүн деген шек жараткан.
Ятналдын бул чакырыгы өлкөдө диний иденттүүлүктүн экономика жана коомдук турмуштагы орду боюнча талкууну кайрадан жандандырды. Ал жакында Уттар-Прадеш штаты адал сертификатын берген мекемелерди тыюуга алганын эске салып, ушундай эле чара улуттук деңгээлде кабыл алынышы керектигин билдирди. Юристтер болсо адал жана кошер сыяктуу диний сертификаттар керектөөчүлөрдүн тандоосуна негизделерин белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















