Алматыда терактка даярдык көрүп жаткан деген шек менен беш чет өлкөлүк жаран кармалды
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Алматыда пландалып жаткан теракттын алдын алганын билдирди. Бул ишке беш чет өлкөлүк жарандын катыштыгы бар экенинин жергиликтүү басылмалар билдиришүүдө.
Теракттын планы сентябрь айында, даярдоо этабында эле токтотулган. Шектүүлөр кармалып, тергөө жүргүзүлүүдө. Алар кайсы өлкөнүн жарандары экендиги айтылган эмес.
Ошондой эле сентябрь жана октябрь айларында терроризмди пропагандалоо айыбы менен сегиз казакстандык камакка алынган. Тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат коомчулукка ачыкталган эмес.
Мындан тышкары, сентябрь-октябрь айларында террористтик жана экстремисттик кылмыштар үчүн алты адам соттолгон. Быйыл январдан тартып 89 адамдын иши каралган, алардын алтоо чет өлкөлүк жарандар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2025-11-01
17:08
2025-11-01
9:16
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















