Кыргызстандагы Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачат
29-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкектеги “Манас” кинотеатрында Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен РОСКИНО тарабынан уюштурулган “Кыргызстан-2025 Россия киносунун фестивалы” өтөт.
Ачылыш аземине Россия Федерациясынын маданият министри Ольга Любимова; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана фестивалдын бет ачаарындагы тасманын режиссеру Никита Высоцкийлер катышат.
Фестивалдын программасы 1944-жылдын жай айларында фронттун тагдыры, душмандын чабуулун тылдан болтурбай коюуга чечкиндүү турган советтик контр чалгынчылардын иши жөнүндөгү согуштук драма - «Август» тасмасы (реж Н. Высоцкий, И. Лебедев) менен ачылат.
Фестивалда көрармандар согуштук драмалардан баштап үй-бүлөлүк жана илимий фантастикалык тасмаларга чейин ар кандай жанрдагы тасмаларды көрө алышат:
«Советтер Союзунун сүйүүсү» (реж Н. Высоцкий, И. Лебедев, Д. Иосифов) — жаңы турмушту, сүйүүнү, ачылыштарды жана эрдиктерди кыялданган, жаны муундун окуясы тууралуу;
«Тизмеде көрсөтүлгөн эмес», (реж. С. Коротаев) — согуштун алгачкы сааттарында Мекенди коргоого бекем турган Брест чебинин коргоочуларыны эрдиги тууралуу согуштук драма;
«Кракен» (реж. Н. Лебедев) — жоголгон суу астындагы кайыкты издөө жана деңиз желмогузуна жолугуу жөнүндөгү фантастикалык таң калаарлык окуя;
«Динозаврлардын Доктуру» (реж М. Волков) — кокусунан мезозой дооруна портал ачкан мектеп окуучусу тууралуу үй-бүлөлүк анимациялык комедия;
«Олимптеги биринчи» (реж. А. Михалков) — Блокадада аман калып, Олимпиада чемпиону болгон жаш Юрий Тюкалов тууралуу шыктандыруучу спорттук драма.
Шилтеме аркылуу Tiket.kg сайтынан күн тартибин көрүп, көрсөтүүлөрдүн акысыз билеттерине ээлик кылып алсаңыз болот: https://ticket.kg/events/group/rff
Россия менен Кыргызстандын ортосун илгертен берки достук мамиле жана тыгыз кызматташтык, анын ичинде маданий чөйрөдөгү карым катнаш бекем байланыштырат. Россия киносу кыргыз көрүүчүлөрүнө жакшы белгилүү болгондой эле, Россияда кыргыз тасмалары да үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат. Быйыл августта кыргыз тасмалары Санкт-Петербургдагы КМШнын кино күндөрүнүн алкагында көрсөтүлдү.
Маалымат үчүн
РОСКИНО — Россиянын аудиовизуалдык индустриясынын контентин эл аралык фестивалдарда жана кино рынокто сунуштоочу мамлекеттик уюм. Компаниянын 100% акциясы мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Федералдык агенттикке таандык. 2024-жылы Роскино өзүнүн 100 жылдыгын белгиледи (1924-жылы негизделген “Совэкспортфильмдин” мураскери).
Кененирээк маалымат: www.roskino.org
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















